Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Столтенберг бүтүндөй Европанын тынчтыгы бузулганын айтты


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу кайрылуу жасап, бул аракетти кескин айыптады. Ал муну “атайын даярдалган, карөзгөйлүк менен пландалган кол салуу” деп атады.

“Орусия тарыхты кайрадан жазып чыгуу үчүн күч колдонуп жатат. Орусия Украинага кол салды. Бул согуштук акт. Биздин ой-мүдөөбүз азыр Украинанын калкы менен. Биздин континентте тынчтык толук бузулду”,- деди ал.

Столтенберг НАТО альянстын аймагынын ар бир метр жерин коргоп аларын айтып, уюмга мүчө болгон 30 мамлекеттин лидерлери 25-февралда онлайн саммит өткөрөрүн жарыялады. Ал уюмдун мүчөлөрүнүн аба мейкиндигин коргоо үчүн аскердик 100 учак толук даярдыкта турганын кошумчалады.

Мунун алдында НАТОго кирген Эстония, Латвия, Литва жана Польша коргонууга даяр туруу үчүн уюмдун жыйынын өткөрүүнү талап кылган. Украина аталган альянска мүчө эмес, анын уюмга кирүү аракети Орусиянын нааразылыгын жаратты.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция уюштуруу деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракета атылып, ок тийгенин ырастады. Кеминде элүүдөй украин жарандары өлгөнү тууралуу маалыматтар бар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG