Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Токаев менен Мишустин Орусияга салынган санкциялардын кесепеттерин талкуулады


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Орусияга салынган санкциялардын шартында экономикалык байланыштарды жана соода алакаларды сактап калуу жолдорун талкуулашты. Бул тууралуу Казакстандын президентинин маалымат кызматы 25-февралда билдирди.

Мишустин 24-февралда Казакстандын баш калаасы Нур-Cултанга Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына барган. Ал эми Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Дүйшөмбүгө барып, Тажикстандын бийлиги менен соода-экономикалык алакаларды талкуулады.

Анын айтымында, эки өлкөнүн соода алакасы 2021-жылы 45% көтөрүлгөн.

Матвиенко Орусия Батышка жооп катары санкцияларды киргизерин билдирди. Ошондой эле жакын арада президент Владимир Путин Дүйшөмбүгө барарын кошумчалады.

АКШ, Евробиримдик, Британия, Канада, Австралия жана Жапония 25-февралга караган түнү Орусия Украинага согуш жарыялаганы үчүн Москвага жаңы санкцияларды киргизди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG