Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Бишкектеги кайра шайлоо: саат 10го чейин алты миңдей адам добуш берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган системасына ылайык, Бишкектеги бир мандаттуу эки шайлоо округунда саат 10го чейин шайлоочулардын 2,69% (5913 адам) добуш берди.

Тактап айтканда, добушканалар ачылган эки саат аралыгында Биринчи май шайлоо округунда 1954, ал эми Свердлов шайлоо округунда 3959 адам добуш берди. Бул эки округда жалпысынан 220 миңдей шайлоочу катталган.

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 27-февралда кайра добуш башталды. Бул эки округдан 50 талапкер (Биринчи май округунан 25, Свердлов округунан 25) ат салышууда.

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG