Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Песков: Орусиянын делегациясы Украина менен сүйлөшүү үчүн Беларуска келди


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Орус делегациясы украиндер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Беларуска келди. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, Орусия сүйлөшүүлөрдү Беларустун Гомел шаарында баштоого даяр.

"Орусия Гомелдеги сүйлөшүүлөргө даяр, азыр Москва украиндерди күтүп жатат", - деген Песков.

Маалыматка ылайык, Беларуста украиндер менен сүйлөшүү жүргүзө турган орус делегациясынын курамына Тышкы иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана башка мекемелердин, анын ичинде президенттик администрациянын өкүлдөрү кирген.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Төрт күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун токтото элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинге бир канча жолу сүйлөшүүнү баштоону сунуштаган. Орусия Украина тарапты сүйлөшүүдөн баш тартканын, мындан улам аскердик операциясын улантып жатканын билдирген.

Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович Орусия менен сүйлөшүүдөн Киевдин баш тартканын ырастап, мунун себептери алар койгон талаптар ынандырбаганы менен түшүндүргөн.

Украин президентинин башка бир кеңешчиси Михаил Подоляк да Украина сүйлөшүүдөн качпаганын, алар ультиматум коюлбаган шартта сүйлөшүүгө барышарын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG