Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Украина орус аскерлеринин жоготуулары тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берди


Украин президентинин кеңешчиси Алексей Арестович “Настоящее Время” телеканалындагы маегинде орус аскерлеринин жоготуулары жөнүндө өздөрү таратып жаткан маалыматтарга түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, аскердик тилде армиянын жоготуусу жалпы эсептелет. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, жок кылынгандар, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо саналат.

Мунун алдында Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын армиясынын жоготуулары 5300 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Алексей Арестович мунун канчасы өлгөнүн так айтуу кыйын экенин белгилеп, өз эсебинде 500дөн 1000ге чейинкиси мерт болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Украинанын Коргоо министрлигинин 28-февралга карата жаңы маалыматында, Орусиянын 29 учагы, 29 тик учагы, 191 танкы, 816 чопкутталган транспорту, 291 автоунаасы, 74 замбиреги (пушка), 1 “Бук” зениттик-ракеталык комплекси, 21 ракета атуучу системасы, 60 цистернасы, 3 учуучу аппараты, 2 кемеси, 5 абадан коргонуу системалык каражаты жок кылынганын маалымдады.

Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 1000ге жакын аскердик объектисин талкалаганын гана маалымдаган.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык жайкын тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, кийинки абал азырынча белгисиз. (ErN)

XS
SM
MD
LG