Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

ТИМдин өкүлү Украина боюнча комментарий берди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Элчини кеңешүүгө чакыртып алуу ар бир өлкөнүн укугу экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаментинин директору Нурлан Сүйөркулов билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта украиналыктар жана бул өлкөнүн жетекчилиги өтө кыйын учурду башынан өткөрүп, оор чечимдерди кабыл алууда.

«Ошондуктан Кыргызстан кайым айтышууга барбайт жана ал нерсе азыр эч орунсуз», - деди ТИМдин өкүлү.

Ошондой эле Сүйөркулов маалыматтык чөйрөдөгү ар кыл кызыл кулактыкка (спекуляция) жол бербөө керектигин айтып, Украинадагы окуялар боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди.

«Биринчиден, бул жаңжал эки боордош өлкөнүн ортосунда чыгып, адам өмүрүнүн кыйылганы абдан кайгылуу. Экинчиден, кыргыз эли орусиялыктар менен да, украиндер менен да тарыхый достук мамиледе болуп келген. Үчүнчүдөн, биз учурда дүйнө биригүүнүн ордуна туура жана туура эмес деп бөлүнүп, тактабай туруп ар кыл мүнөздөмө берип жатканын өтө кайгыруу менен көрүп жатабыз. Жаңжал активдүү түрдө өнүгүп жатканда биз бардык эле тараптан тынчтыкка чакырыктарды уккан жокпуз. Дал ушундай абдан кооптуу учурда дүйнөдөгү тынчтык үчүн бардык тараптарды биримдикке чакырабыз. Төртүнчүдөн, биз жаңжалды эл аралык укуктук нормалар жана принциптеринин алкагында саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнү жактайбыз. Биз сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттайбыз».

Сүйөркулов Кыргызстандын бул позициясы украин элчиси менен жолугушуу учурунда расмий берилгенин да белгиледи. Мындан ары адам өмүрүнүн кыйылышы жана кыйроого жол бербөө зарылдыгын кошумчалады.

1-мартта Украина Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алган. Украинанын президенти Владимир Зеленский буга "Кыргызстан Орусиянын Украинадагы агрессиясын актаганы себеп болгонун" билдирген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 26-мартта орус президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа, орусиялык басылмалар Жапаров Путиндин Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазышкан.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG