Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

АКШ соту Царнаевди кайрадан өлүм жазасына өкүм кылды


Жохар Царнаев.
Жохар Царнаев.

АКШнын Жогорку соту Бостондогу теракт үчүн айыпталган Жохар Царнаевди кайрадан өлүм жазасына өкүм кылды. Мындай чечим 4-марттагы сот отурумунда чыгарылган.

Чечен улутундагы Царнаев 27 жашта, Кыргызстанда туулган. 2013-жылдын апрелинде Бостон марафону учурунда 3 кишинин өмүрүн алган, жүздөгөн кишини жарадар кылган теракт үчүн 2015-жылы айыптуу деп табылган. Агасы Тамерлан жардыруу болгондон кийин полиция менен атышууда окко учкан. Сот арачылары Жохар Царнаевди 30 беренеден турган бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, кийинчерээк аны өлүм жазасына тартуу чечимине келген.

Адвокаттары ага-ининин кол салганын моюнга алуу менен бирге Тамерланды радикалдашкан уюштуруучу катары сүрөттөп, инисин агасынын таасири астында калган жаш жигит деп коргоп келишти.

Прокуратура Жохарды агасындай эле күнөөлүү деп тапкан. Кылмышкерлер жардырууну АКШны мусулман өлкөлөрүндө жүргүзүп жаткан согуштар үчүн жазалоо экенин айтышкан.

2020-жылдын июль айында Федералдык апелляциялык сот Царнаевди өлүм жазасына тарткан биринчи инстанциянын өкүмүн жокко чыгарган эле. Апелляциялык сот буга себеп катары анын агасынын таасири астында болгонун ырастаган далилдерди эске алган эмес деп тапкан жана жаңы соттук кароо дайындаган эле. Ошондон бери соттук процесс уланып келаткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG