Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев эки айга камалды


Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев 3-майга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасы 5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жабык каралды. Адвокаты Тимур Султанов тийиштүү далилдер жок болгонуна карабай, ушундай чечим чыгарылганын айтып, беш күн ичинде аппеляциялык арыз менен шаардык сотко кайрыларын билдирди.

Сот отуруму өтүп жаткан кезде сыртта Дүйшембиевдин тарапкерлери анын бошотулушун талап кылып турушту.

Сот залында Дүйшембиев жакындарына салам жолдоп, аны колдогондорго ыраазычылык билдиргени тартылган видеону адвокаты таратты.

УКМК Next TV телеканалына "улуттар аралык кастыкты козутту" деген негизде кылмыш иши козголгонун 3-мартта билдирген. Ошол күнү каналдын директору Таалай Дүйшембиев эки суткага камалган.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, "Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт" деген жалган кабар таратылган деп жүйө келтирүүдө.

Телеканал жетекчилиги кайсы бир булакка шилтеме берилип таратылган маалымат үчүн кылмыш ишин козгоону негизсиз деп атоодо. Каналдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков муну "саясий буйрук" деп мүнөздөгөн.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Next TV каналына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, күч органдарын журналисттерге карата чечим кабыл алууда конституциялык кепилдиктирди сактоого, каналдын ишмердигине укуктук баа берүүдө бардык жагдайларды эске алууга чакырды.

Мурдараак медиа коомчулук билдирүү таратып, бийликти сөз эркиндигине кысым көрсөтпөөгө үндөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG