Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:35

Орусия менен Украинанын кийинки сүйлөшүүсү 7-мартка белгиленди


Орусия менен Украинанын делегациялары биринчи ирет Беларустун аймагында жолугушкан.
Орусия менен Украинанын делегациялары биринчи ирет Беларустун аймагында жолугушкан.

Киев менен Москванын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы 7-мартка белгиленди. Бул тууралуу «Фейсбукка» украин тараптын өкүлү Давид Арахамия жазды. Орусия Украинага басып киргени эки тараптын делегациялары эки жолу Беларустун аймагында жолугушкан.

Экинчи жолку сүйлөшүүдө тараптар, Мариупол жана Волновах шаарларынын жайкын тургундары чыгып кетүүсү үчүн гуманитардык жол ачып берүүгө макул болушкан.

Беш сааттык ок атышпоо режимин 5-мартта орус аскерлери бузганын украин бийлиги билдирди.

Кийинчерээк Орусия Донецк шаарындагы эки шаарды аткылоону жандантканын билдирди.

5-марта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргендей, Москва сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыгышынан үмүттөнбөй турат. Министр буга украин президенти Владимир Зеленскийдин улам НАТОго кайрылуусу себеп экенин кошумчалады. Ошентсе да Лавровдун айтымында, Москва сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айламапсына даяр.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба эгер сүйлөшүүлөр «маңыздуу боло турган болсо» Лавров менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG