Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:01

Италияда Усманов менен Соловьевдун кыймылсыз мүлктөрү камакка алынды

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президент Владимир Путин жана миллиардер Алишер Усманов.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президент Владимир Путин жана миллиардер Алишер Усманов.

Италия өкмөтү орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун жана кремлчил тележурналист Владимир Соловьевдун мүлкүн конфискациялады. Бул тууралуу Италиядагы белгилүү басылмалардын бири La Repubblica кабарлады.

Соловьевдун Комо көлүнүн боюндагы эки вилласы, Усмановдун Сардиниядагы вилласы камакка алынган.

Усманов менен Соловьев Орусиянын Украинага басып киришинин артынан Европа Биримдигинин санкциялар тизмесине илинген.

Мурдараак La Repubblica Италиянын Финансы полициясынын санкциясынын тизмесиндеги орусиялык башка жарандардын - ишкерлер Алексей Мордашев менен Геннадий Тимченконун яхталары, Мамлекеттик думанын мурдагы депутаты Олег Савченконун Тосканадагы вилласы конфискация кылынганын жазган эле.

XS
SM
MD
LG