Орусиянын бир катар шаарларында аскерлердин Украина аймагына басып кирүүсүнө каршы акциялар жүрүп жатат. Акыркы маалыматтарга караганда, жалпы-жонунан 700дөй киши кармалды.
Хабаровскиде чогулгандар тизилип, жүрүшкө чыгууга аракеттенгенде полиция аларды кармай баштады.
Иркутскиде акцияга чыккандар жүрүшт тынчтыкка чакырган ырларды ырдашты. Бир нече кишинин кармалганы маалымдалды.
Новосибирскиде кармап кетишкен 100 чакты кишинин арасында жумушун аркалап жүргөн журналисттер да бар.
Санкт-Петербург шаарындагы сүрөтчүлөр ачык асман алдында украин желегинин түсүндөгү сүрөттөрдү тартып, тилектештигин билдиришти. ОМОНдун кызматкерлери шаар борборун кайтарууда, кармалгандар үчүн автобустар тизилип турат.
Томскиде согушка каршы акцияга 100дөй киши катышса, 20сын тартип коргоочулар кармап кетишти. Калгандары шаар администрациясынын имаратын көздөй жүрүш жасашты. Пермде полиция “Согушка - жок!” деген плакат менен чыккан кишини кармады.
Москвада да акциялар уюштурулары күтүлүүдө. Социалдык тармактардын колдонуучулары жазышкандай, шаардын борборундагы Манеж аянтында тартип коргоочуларын 20 чакты автобусу даяр турат. Полиция ары-бери өткөндөрдүн документтерин, сумкаларын текшерүүдө. Кызыл аянттын кире бериши жабык.