Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

Орусияда согушка каршы акцияларда 4,8 миңдей киши кармалды


Екатеринбургдагы акцияга катышканы үчүн кармалган жаран, 6-март 2022-жыл.
Екатеринбургдагы акцияга катышканы үчүн кармалган жаран, 6-март 2022-жыл.

6-мартта Орусиянын 60ка чукул шаарында Украинадагы согушка каршы акциялардын 4858 катышуучусу кармалды. Бул тууралуу Орусиядагы митингдерге байкоо салып келе жаткан “ОВД-Инфо” уюму билдирди.

Уюмдун басма сөз катчысы Мария Кузнецова орус бийлиги көзөмөлдү болушунча күчөткөнүн, өлкөдө “аскердик цензура” өкүм сүрүп жатканын Reuters жаңылыктар агенттигине айтты.

“Бүгүн абдан чоң митингдерге күбө болдук. Керек болсо Сибирдеги шаарларда да өттү. Ал жакта мынчалык көп адам кармалган учурларга сейрек күбө болобуз”, - деди Кузнецова.

Орусиянын Ички иштер министрлиги Москвада 1700 жана Санкт-Петербургда 2500 киши кармалганын, алар “уруксат алынбаган жүрүштөргө” катышканын билдирди. Анын маалыматына ылайык, башка шаарларда миңдей митингчи кармалды.

Жекшемби күнү Москва жана Санкт-Петербург сыяктуу шаарларда көчөгө чыккандар “Согушка жол жок!”, “Уят!” деп ураан чакырып турушту. Ага чейин абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жарандарды Орусиянын Украинага кол салышына каршы нааразылыгын ачык билдирүүгө чакырган эле.

Украинага тилектештик билдирген жана Орусиянын кадамдын айыптаган мындай акциялар жекшемби күнү башка бир нече өлкөдө, анын ичинде Индиянын жана Казакстандын шаарларында да өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG