Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Байден Орусиядан энергия импортуна тыюу салары айтылууда


Мунай терминалына кетчү жол. Приморск аймагы, Орусия. Архивдик сүрөт
Мунай терминалына кетчү жол. Приморск аймагы, Орусия. Архивдик сүрөт

Ак Үй АКШ президенти Жо Байден Орусияны Украинага "жок жерден ачкан согушу" үчүн "жоопко тартуу" максатында көрүлө турган кошумча чараларды жарыялайт деп билдирди. Кандай чаралар экенин администрация тактаган жок. Бирок бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазышкандай, Байден Орусиядан энергиянын импортуна тыюу салмакчы. Украин президенти Владимир Зеленский Батышты Москванын ири киреше булагы болгон орус мунайы менен газын сатып албоого чакырып келатат.

АКШнын мунай импортунун 8% жакыны Орусияга туура келет, газды болсо америкалыктар ал өлкөдөн алышпайт. Байден буга чейин энергетика тармагындагы санкцияларга көнбөй келген. Мамлекет башчы күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, анын кесепети АКШдагы кардарларга да тиерин айткан.

Ал эми Европа Биримдиги ушундай эле кадамга барып-барбасы белгисиз. Эски континент орус энергия булактарына көбүрөк көз каранды. Европа өлкөлөрү керектеген жаратылыш газынын үчтөн бир бөлүгү Орусиядан келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG