Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Киев "жашыл коридорду" Беларуска карай ачууга каршы


Украин кризиси. Согуш болгон тилкелерден балдарды, аялдарды жана кары-картаңдарды алып чыгуу боюнча гуманитардык коридор ачуу макулдашылды.
Украин кризиси. Согуш болгон тилкелерден балдарды, аялдарды жана кары-картаңдарды алып чыгуу боюнча гуманитардык коридор ачуу макулдашылды.

Орусия Украинанын бир катар шаарларын, анын ичинде Киевден жай тургундарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридорлорду ачканын билдирди.

Бирок Киев Москванын бул убадасына ишенбей турат. Анткени Орусия гуманитардык коридорду Беларуска карай ачканы Украинаны канааттандырбай жатканы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги жай тургундарды согуш тилкесинен чыгарып кетүү боюнча гуманитардык коридорлор 8-мартта Чернигов, Сумы, Харьков жана Кара деңиз боюнда курчоодо турган Мариупол портунан ачылганын жарыялады.

Бул коридорлор аркылуу болжол менен 200 миңден ашуун киши коопсуз жайга чыгарылары айтылды. Буга чейин белгиленген тилкелерден 430 миңдей калк чыгып кетүүнү көздөп турганы айтылган.

Киевден 350 чакырым чыгыштагы Сумы шаары Орусиянын катуу бомбалоосуна дуушар болду. Украинанын куткаруу кызматы 8-мартта шаардагы аба соккуларынан кеминде тогуз киши, анын ичинде эки бала каза болгонун билдирди.

Орусия гуманитардык коридорлор үчүн ок атышууну токтотуп туруу режимин жарыялаганын Коргоо министрлигине шилтеме берип “Интерфакс” билдирди. Бирок гуманитардык коридорлор кайсы каттамдардан ачылары жана жеткизе турган жерлери айтылган жок.

БУУ: гуманитардык коридорду камсыздоо милдети турат

Бул билдирүү эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасында коопсуздук коридорлорун түзүү боюнча макулдашууга жетишилгени тууралуу кабардан соң жарыяланды.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык жардам боюнча орун басары Мартин Гриффитс Коопсуздук Кеңешинде калкты өзү тандаган багыт боюнча коопсуз алып өтүүгө үндөдү. Гриффитс БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Украинадан качып чыгып жаткан үч миллиондой кишиге ыкчам тамак-аш жеткирүү үчүн "чынжырча" түзүлүп жатканын айтты:

БУУнун баш катчысынын гуманитардык жардамдар боюнча орун басары Мартин Гриффитс .
БУУнун баш катчысынын гуманитардык жардамдар боюнча орун басары Мартин Гриффитс .

"Катачылык кетирип, азыр биз адашпашыбыз керек. Бүгүн биз калктын керектөөлөрүн канааттандыра албай турабыз. Мен жогоруда айткан учурлардын бардыгы жай тургундарды даярдоо, коопсуздугун камсыздоо, алып өтүү жана коопсуз жерлерге жайгаштыруу сыяктуу муктаждыкты биз бүгүн канааттандыра албай турабыз. Мен эртең дагы аларды оңтойсуз абалда калтырып койбойбуз деп үмүттөнөм".

Подоляк: жылыш жок

7-марттагы жолугушуудан соң украин президентинин кеңешчиси, украин делегациясын жетектеген Михайло Подоляк жалпы абалды жакшырта турган жыйынтык болбогонун, бирок сүйлөшүүлөр улана турганын баса белгиледи.

Михайло Подоляк. Украин президентинин жардамчысы. Украин делегациясынын башчысы.
Михайло Подоляк. Украин президентинин жардамчысы. Украин делегациясынын башчысы.

"Ок атышууну токтото туруу же болбосо биротоло эле жалпы согуштук аракеттерди токтотууну ичине камтыган негизги саясий трек боюнча интенсивдүү кеңешмелер улантылат. Бүгүнкү күнгө чейин абалды олуттуу түрдө жакшырта турган жыйынтык жок. Бирок консультациялар кайрадан улантылат. Ошондуктан натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү улантууну жактайбыз", - деди Подоляк.

Мединский: Cүйлөшүүлөр оор болду

Орусиянын делегациясынын башчысы, президенттин жардамчысы Владимир Мединский алдыда сүйлөшүүлөр дагы уланарын ырастап, бирок гуманитардык коридорлорду ачуу оор болгонун белгиледи.

Владимир Мединский. Орус президентинин жардамчысы. Орусиялык делегациянын жетекчиси.
Владимир Мединский. Орус президентинин жардамчысы. Орусиялык делегациянын жетекчиси.

“Биз өткөн жолугушууларда да гуманитардык коридорлорду ачууну аябай талкууладык. Анда бул демилге украин куралдуу күчтөрүнүн баш тартуусунан улам болбой калды. Биз маселени кабыргасынан койдук. Коридорлор эртеңден баштап иштей баштайт деп үмүттөнөм. Украин тарап бизди ушинтип ишендирди", - деди Мединский.

Ошол эле кезде украин армиясы 8-мартта Орусиянын чабуулдары басаңдаганын айтып, "душмандын кол салуусу уланып жатканы менен, аскерлеринин алдыга жылышы токтогонун" билдирди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 8-мартта украин аскерлери өлкөнүн түштүк, чыгыш жана түндүк аймактарында дагы эле өз позицияларын бербей, коргоп жатканын, Киев менен Черниговдун түндүгү алардын колунда экенин билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, 24-февралдагы Орусиянын баскынчылыгынан кийин башталган зомбулуктан 1,7 миллиондон ашуун украиналык, негизинен аялдар, балдар жана карылар өлкөдөн качып чыккан. Алардын 1,2 миллиондон ашууну коңшулаш Польшага өткөн. Бул тууралуу 8-мартта Польшанын чек ара кызматы билдирди.

Анкаранын арачылыгы

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен украиналык кесиптеши Дмитрий Кулеба 10-мартта Анталияда жолугарын билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Сергей Лавровдун бул сүйлөшүүгө катышарын ырастап, үч тараптуу жолугушуу тууралуу макулдашууга орус президенти Владимир Путин менен түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жетишилгенин кошумчалады.

Кулеба Киев Анкаранын сунушун кабыл алганын ырастап, Лавров менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

Орусиялык аскерлер Киевден 480 чакырым түштүктө жайгашкан Николаев шаарын аткылаганы кабарланды.

Киевдин чет жакасын, анын ичинде электр жарыгы, таза суу жана жылуулуксуз калган Ирпень шаары дагы деле аткыланып жатканы маалымдалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG