Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Парламент “Центерра Голд” менен келишимдин шарттарын колдоду


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 9-марттагы жыйынында кыргыз тарап менен канадалык “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуунун шарттары жана форматы жөнүндөгү маселени жабык карап, колдоп берди.

Президент Садыр Жапаров парламентте кайрылуу жасап жатып, депутаттарга ыраазычылык билдирди.

“Центерра Голд Инк.” компаниясы менен жетишилген келишимди президент жакынкы күндөрү жарыялай турганы айтылууда.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бардык өкмөт мүчөлөрү катышып жатат.

Депутаттар жыйын тууралуу айтуудан баш тартышты. Айрым депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалыматты айтпай турууну өтүнгөнүн билдиришти.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. 2021-жылдын 19-декабрында президент Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы иш сапары учурунда эл менен жолугушканда Кыргызстан "Кумтөрдүн" үзүрүн 2022-жылдан тартып көрө баштарын, январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетери болжолдонуп жатканын айткан.

Быйыл 3-январда “Центерра” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган, кыргыз тарап ага азырынча жооп бере элек.

2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда "Центерра" менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG