Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Ошто зомбулукка кабылган келин милицияга кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылганын айткан келин милицияга кайрылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, 35 жаштагы аялдын төрт кабыргасы сынып, сол колунун манжасы да сынган. Мындан улам ал 22-февраль күнү милицияга кайрылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал мурда эки жолу сот жообуна тартылганы белгилүү болду. ИИМдин маалыматына караганда, өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулук барган сайын көбөйүүдө. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан былтыр кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8,5 миңдей факт катталган жана бул мурдагы жылга салыштырмалуу 30% көп.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% сотко жетпей эле ар кандай жагдайлардан улам кыскарып кетерин көрсөтүүдө. (AАb)

XS
SM
MD
LG