Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Соода-өнөр жай палатасы вице-президентке байланыштуу түшүндүрмө берди


Соода-өнөр жай палатасынын сайты.
Соода-өнөр жай палатасынын сайты.

Соода-өнөр жай палатасы мекеменин вице-президенти кармалды деген Башкы прокуратуранын маалыматына түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, прокуратура кармаган шектүү буга чейин Соода-өнөр жай палатасынын башталыштагы вице-президенти болуп дайындалган. Соода-өнөр жай палатасы муну менен ага палатанын вице-президентинин бардык ыйгарым укуктары берилбегенин билдирди.

Мындан тышкары, былтыр 31-ноябрда Соода-өнөр жай палатасынын президиумунун жыйынында аны ээлеген кызматынан бошотуу сунушу берилгени айтылат.

Башкы прокуратура 16-мартта Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти жана анын өнөктөшү кармалганын билдирген. Алар 2009-жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна күрөө коюп, 117 млн. сомго ун сатып алып кайтарбай жүрөт деп шек саналууда.

Башкы прокуратура Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентинин аты-жөнүн толук жарыялабай, инициалын (Ш.К.А.) гана тараткан. Соода-өнөр жай палатасынын сайтында Шатманов Канатбек Асылбекович вице-президент экени жазылып турган. Ал 17-мартта өчүрүлдү. Канатбек Шатманов камалып, экинчи шектүүгө эл аралык издөө жарыяланды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG