Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Иранда камакта жаткан Британиянын эки жараны үйүнө кайтып келди

Назанин Загари-Рэтклифф (солдо) менен Ануше Ашуринин (оңдо) Британияга кайтып келген учуру. 2022-жыл, 17-март.
Назанин Загари-Рэтклифф (солдо) менен Ануше Ашуринин (оңдо) Британияга кайтып келген учуру. 2022-жыл, 17-март.

Иранда кармалган британиялык жарандар Назанин Загари-Рэтклифф менен Ануше Ашури 17-марттын таңында Лондонго кайтып келди. Алар Британиянын Куралдуу күчтөрүнүн атайын учагында аскердик базага конушту.

Загари-Рэтклифф менен Ашурини үй-бүлө мүчөлөрү кучактап, ыйлап-сыктап тосуп алышты.

Премьер-министр Борис Жонсон 16-мартта Твиттерге жазган постунда Загари-Рэтклифф менен Ашуринин “мыйзамсыз кармалышы” аяктаганын, алар Британияга кайтышарын жазган эле.

Thomson Reuters Foundation фондунун менежери, Назанин Загари-Рэтклифф айым 2016-жылдын апрелинде кызы менен Британияга кайтып баратканда, Тегеран аба майданында кармалган. Ал “Иран өкмөтүн төңкөрүү боюнча кутумга катышкан” деп айыпталып, беш жылга түрмөгө кесилген. Анын үй-бүлөсү жана фонд бул айыптарды четке каккан. Amnesty International уюму Загари-Рэтклифф айымдын сот ишин “өтө адилетсиз” деп мүнөздөгөн.

Назанин Загари-Рэтклифф Британия менен Ирандын жараны.

Ануше Ашури 2019-жылы кармалып, 10 жылга кесилген. Ага Израилдин чалгын кызматына тыңчылык кылган деген айып тагылган. Amnesty International Ашуринин кармалышын мыйзамсыз деп айыптап, ал кыйноого кабылганын билдирген.

Загари-Рэтклифф менен Ашурини бошотуу Ирандын өзөктүк программасы боюнча Батыш өлкөлөрү менен Тегерандын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө макулдашылганы кабарланды. АКШ, Британия жана башка өлкөлөр катышып жаткан бул сүйлөшүүнүн өзүндө жыйынтык чыга элек. (ErN)

​
XS
SM
MD
LG