Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Ош мэриясы Сулайман-Тоо муниципалдык менчикке өткөрүлөрүн билдирди


Сулайман-Тоо
Сулайман-Тоо

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев Сулайман-Тоо музей комплекси муниципалдык менчикке өткөрүлөрүн "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен комиссия түзүлгөн. Комиссиянын 15-марттагы алгачкы отурумунда Сулайман-Тоонун 4 миң гектардан ашуун буфердик аймагын кыскартуу, музей комплексти мэрияга башкарууга алуу сунушу айтылган.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Жапаровдун мындай тапшырмасы тууралуу тууралуу маалымат жок экенин билдирүүдө. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маданий мурастар эч качан менчиктештирилбей турганын айтып жатат. Мекеменин басма сөз кызматы бул маалыматты тактап бермей болду.

Исаев Сулайман-Тоо музей комплекси кароосуз калганын, бак-дарактар саргайып, чөп жай мезгилинде эле куурап, кунарсыз болуп калганын айтты. Ошондой эле музейге келген көрүүчүлөрдөн жылына 8-10 млн. сом чогуларын, ал майнапсыз коротуларын да кошумчалады.

Сулайман-Тоо музей комплексинин директорунун орун басары Хайрулла Убайдуллаев Ош шаарынын мэри алмашкан сайын ушул маселе көтөрүлүп, аракеттер көрүлөрүн маалымдады. Убайдуллаевдин билдирүүсүндө, мындай аракет Оштун мурунку мэрлери Мелис Мырзакматов, Айтмамат Кадырбаевдердин тушунда дагы болгон. Ал Сулайман-Тоо мэрияга өткөрүлсө, анын тарыхый-архитектуралык көрүнүшү өзгөрүп, табигыйлыгы, нукуралуулугу бузулат деп эсептейт.

Сулайман-Тоо музей комплекси Мамлекеттик мүлк фондунун каттоосунда турат. Ал эми админстративдик башкаруу маданият, маалымат жана спорт министрлигинде.

Комплекс 2009-жылы июнь айында ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG