Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:46

Мариупол: бомбаланган театрдын жер төлөсүнөн аман калгандар табылды


Мариупол шаарындагы толук жок кылынган театр.
Мариупол шаарындагы толук жок кылынган театр.

Украинанын Мариупол шаарынын мэринин кеңешчиси Петро Андрущенко Орусиянын куралдуу күчтөрү тыптыйпыл кылган театр тазаланып жатканын, анын астындагы баш калкалоочу жайда аман калгандар бар экенин маалымдады. Канча киши курман болгону белгисиз.

16-мартта бутага алынган театрдын астында миңден ашык адам орус авиациясынын соккуларынан жашырынып жатканын буга чейин мэр Вадим Бойченко билдирген эле. Кийин Верховна Раданын депутаты, ишкер Сергей Тарута имарат алдындагы бомбадан коргонуучу жай жардырууга туруштук бергенин, урандылардын астынан айрым жарандар чыгарыла баштаганын айтты.

Maxar фирмасынын спутниктен алынган кадрларында театрдын алдында жана артында чоң тамагалар менен орус тилинде “балдар” деп жазылганы көрүнүп турган. Бирок ага карабай имарат аткылоого алынган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба имарат толук талкаланганын, “ал жерде баш калкалоочу жай бар экенин орус күчтөрү билген” деп эсептейт.

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо алардын күчтөрү Мариуполдо эч бир имаратка сокку урбаганын “РИА Новости” маалымат агенттигине билдиришкен. Турак-жайлардын талкаланганы жана жарандардардын өлгөнү тууралуу көптөгөн фото, видеолор жарыяланганына карабай Москва башынан бери жайкын тургундарга ок атылганын төгүндөп келет.

Орусиянын Украинага кол салуусу 24-февралда президент Владимир Путиндин буйругу менен башталган. Путин бул чечимин НАТО Украинанын Орусияга каршы пункт катары колдонгусу келип жатканы менен түшүндүргөн. Украина менен НАТО муну четке кагып келатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG