Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Орусиянын соту Навальныйды экинчи берене боюнча күнөөлүү деп тапты


Орусиялык оппозиция лидери Алексей Навальныйга байланышкан жаңы сот иши ал жазасын өтөп жаткан колонияда жүрүп жатат.
Орусиялык оппозиция лидери Алексей Навальныйга байланышкан жаңы сот иши ал жазасын өтөп жаткан колонияда жүрүп жатат.

Москванын Лефортово райондук соту оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын – алдамчылык жана сотту кемсинтүү иши боюнча соттук окуп жатат. Иш айыпталуучу жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Орусиянын Владимир облусунун Покров шаарында көчмө жыйында каралууда.

Навальныйдын командасы отурумдун жүрүшүн түз эфирде көрсөтүүдө. Судья Маргарита Котоева биринчи эле сөзүндө Навальный алдамчылыкка барганын билдирди. Ошол себептүү айыптоо корутундусу чыгат деп күтүлүүдө.

Өкүмдү угузуу процессине 100гө жакын журналист келди. Алар трансляция жүрүп жаткан залда отурушат. Отурумдун өзүнө кабарчылар киргизилген жок.

Мурдараак мамлекеттик айыптоо соттон орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды алдамчылык жана судьяны мазактоо беренелери боюнча 13 жылга эркинен ажыратып, 1,2 миллион рубль айыпка жыгууну өтүнгөн. Жактоочулар аны актоону өтүнгөн.

Прокуратура Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун (Орусиянын бийлиги экстремисттик деп тааныган жана тыюу салган) банк эсептерине жана саясатчынын бир катар шериктеринин жеке эсептерине түшкөн коомдук кайрымдуулук каражаттарын акча чогултууну көздөгөн алдамчылык деп эсептейт. Ошол эле маалда Навальныйга жана анын фондуна кайрымдуулук кылган он миңдеген адамдын ичинен төртөө гана бул иште жабырлануучу катары таанылган.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары айыпты саясий куугунтук деп эсептешет. (ErN)

XS
SM
MD
LG