Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:21

Сот укук коргоочу Ошурахуновага 3 миң сом айып пул салды


Динара Ошурахунова соттук жараян учурунда.
Динара Ошурахунова соттук жараян учурунда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту укук коргоочу Динара Ошурахуновага Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси ("Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө") боюнча 3 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Буга чейин Ошурахунова жана аны менен чогуу акцияга чыккан укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Өндүрүш Токтонасыров “Майда бейбаштык” деген айып боюнча акталган. Сот Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинде көрсөтүлгөн жосунсуз жоруктардын белгиси жоктугуна байланыштуу ишти кыскарткан.

Үч укук коргоочу 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршылык билдирип пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап, сотко жеткирилгенден кийин бошотулган. Ишти Биринчи май райондук соту карай баштаган.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирди.

Жарандык коом Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир нече акция өткөрдү. Ошол эле маалда Москваны жактагандар да пикетке чыгып жатат.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бир нече шаар талкаланды. 3 миллиондой адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны көбөйүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, өлкөгө бир катар санкцияларды салды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG