Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта кар жаайт


Шашылыш билдирүү!

2022-жылдын 22-мартынан 23-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык, Ош-Сары-Таш-Эркештам, Каракол-Эңилчек жана Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун айрым участокторунда, Өтмөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тайгак болуп тоңо турганын синоптиктер эскертет. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

23-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз -1...+4;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-51, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…7, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;

Бийик тоолордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10 градус.

Бишкекте 23-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 1…3 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG