Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Bloomberg: Путиндин өкүлү Анатолий Чубайс Орусиядан чыгып кетти


Владимир Путин (ортодо) жана Анатолий Чубайс (оң жакта) "Роснано" мамлекеттик ишканасында. Архивдик сүрөт.
Владимир Путин (ортодо) жана Анатолий Чубайс (оң жакта) "Роснано" мамлекеттик ишканасында. Архивдик сүрөт.

Орусиянын "Роснано" мамлекеттик корпорациясынын мурдагы башчысы, экс-вице-премьер-министр, акыркы жылдары президент Владимир Путиндин климат боюнча эл аралык уюмдардагы өкүлү болуп иштеп келаткан Анатолий Чубайс өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Bloomberg маалымат агенттиги жогорку бийликтеги эки булагына таянуу менен маалымдады.

Чубайстын кызматтан кеткенин Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги да жазды. Forbes журналы Чубайска телефон аркылуу байланышкан, журналисттер андан өлкөдөн чыгып кеткени ыраспы же жокпу деп сураганда ал байланышты үзүп койгон.

Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, Чубайс Москванын 24-февралда Украинага каршы баштаган согушуна ачык каршылык билдирген. 66 жаштагы аткаминер Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу Кремль менен мамилесин үзгөн жогорку деңгээлдеги расмийлердин алгачкысы болуп калды.

Бир айдан бери уланып жаткан согуштан улам Украинадан 3 миллиондой адам чыгып кетти. Жүздөгөн адамдар өлдү, бир нече шаарлар талкаланып, айрымдары тыптыйпыл болду. Батыш өлкөрүн бул согушту кескин айыптап, Орусияга катаал санкцияларды салды.

66 жаштагы Анатолий Чубайс 1990-жылдардагы экономикалык реформаларды ишке ашыргандардын бири жана ал акыркы мезгилге чейин бийликте калып келген. Чубайсты Орусиядагы менчиктештирүү саясатынын “архитектору” деп эсептешет. 1991-1994-жылдары ал Орусиянын мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетин жетектеген, 1992-1994-жылдары премьер-министр Виктор Черномырдиндин орун басары, кийин президент Борис Ельциндин администрациянын башчысы жана финансы министри болгон.

Владимир Путин президенттикке келгенден кийин Анатолий Чубайс ири мамлекеттик компанияларда, анын ичинде "Роснано" жана “РАО ЕЭС” ишканаларын башкарган. 2020-жылдан кийин эл аралык уюмга Путиндин өкүлү болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG