Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Башкы прокурор өкмөттү ишкерлерге карата жазалоочу эмес, коргоочу мамилеге өтүүгө чакырды


Ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча кеңештин алгачкы отуруму.
Ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча кеңештин алгачкы отуруму.

Мамлекет ишкерлерге карата мамилесинде жазалоочу мүнөздөн коргоочу мүнөзгө өтүүсү зарыл. Бул тууралуу 24-мартта Башкы прокурор Курманкул Зулушев Башкы прокуратуранын алдында түзүлгөн Ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча кеңештин алгачкы отурумунда айтты.

Зулушев ишкерлердин укуктарынын сакталышына багытталган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бүгүнкү күндө прокуратура органдарынын приоритеттүү багыты экенин белгилеп, бизнестин ишине негизсиз кийлигишүү, мыйзамсыз текшерүү сыяктуу маселелерди болтурбоо жана алдын алуу боюнча бир катар чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

“Мамлекеттик органдардын ишкерлерге болгон кысымы же башка мыйзам бузуучулуктар акырына чейин жоюла элек”, - деди Зулушев.

Курамына прокуратура кызматкерлеринен жана ишкерлерден тышкары өлкөнүн Бизнес акыйкатчысы, экономика жана коммерция министри, Салык жана Бажы кызматтарынын төрагалары кирген Консультативдик кеңеш 2021-жылдын 27-декабрында түзүлгөн. Анын жыйындары жарым жылда бир жолу өткөрүлүп турат. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG