Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Кытайдын тышкы иштер министри Ооганстанга барды


Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен талибдердин тышкы иштер министри Амир Хан Муттакинин жолугушуусу. 24-март, 2022-жыл.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен талибдердин тышкы иштер министри Амир Хан Муттакинин жолугушуусу. 24-март, 2022-жыл.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 24-мартта иш жүзүндө “Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) башкаруусунда турган Ооганстанга барды. Бул тууралуу аталган кыймылдын өкүлү Ахмад Ясир кабарлады.

Бээжин ооган бийлигин басып алган талибдердин өкмөтүн расмий түрдө тааныган эмес. Ага карабай башка өлкөлөр дипломаттарын шашылыш чыгарып кетип жаткан учурда Кытай Кабулдагы элчилигинин кызматкерлерин ошол жерде калтырып турган.

Ван И талибдердин тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен кездешти. Кытай министри Кабулга Исламабадда Ислам кызматташтыгы уюмунун эки күндүк отурумунан кийин учуп барганы маалым болду.

Ооганстан учурда финансылык жана гуманитардык кризисти баштан кечирип жатат. БУУ өлкөдөгү 38 миллиондой калктын жарымы ачарчылыкка туш болгонун билдирүүдө.

Кытай менен Ооганстандын чек арасы 76 чакырымга созулат. Эксперттер ондогон жылдар бою согуштан башы чыкпаган өлкөдөгү туруктуулук Бээжинге да керек экенин белгилеп келишет. Талибдер дагы Кытай менен мамилени өркүндөтүүгө кызыкдар экенин бир нече жолу билдиришкен.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Ашраф Гани башында турган мурдагы бийлик борборду кармашсыз таштап чыгып кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG