Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Түндүк Корея беш жылдан бери биринчи жолу континенттер аралык ракетасын сынады


Түндүк Кореянын континент аралык баллистикалык ракетасы сыналган учур. 29-ноябрь, 2017-жыл. Архивдик сүрөт.
Түндүк Кореянын континент аралык баллистикалык ракетасы сыналган учур. 29-ноябрь, 2017-жыл. Архивдик сүрөт.

Түндүк Корея континенттер аралык баллистикалык ракеталарды сыноосун жандантты. Түштүк Кореянын Штаб башчыларынын бириккен комитетинин маалыматына ылайык, ракета 24-мартта Пхеньяндын эл аралык аэропортунан атылды.

Бул Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракеталарды 2017-жылдан берки биринчи жолу сынашы. Ал эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосуна кабылды жана Түштүк-Азиядагы чыңалууну күчөттү.

Жапон өкмөтү ракета 71 мүнөт абада учуп жүргөнүн, соңунда деңиздин алар ээлик кылган аймагына түшкөнүн маалымдады. Сеул бул сыноону “континенттер аралык баллистикалык ракеталарды атууну токтотуу тууралуу Ким Чен Ын берген убаданы бузуу” катары баалады. Вашингтон “бул аракетти кескин айыптай турганын” билдирди.

“Бул атуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин көптөгөн резолюцияларын одоно бузуу болуп саналат жана чөлкөмдөгү коопсуздук менен байланышкан кырдаалды дестабилдештирүүгө, чыңалууну ашыкча күчөтүүгө себеп болуп берет”, - деди АКШнын Ак үйүнүн басма сөз катчысы Жен Псаки өз билдирүүсүндө.

Быйыл 31-январда Түндүк Корея Америкага жете турган баллистикалык ракетасын сынаганын ырастаган. Пхеньян ракета атууну жыл башынан бери күчөткөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG