Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

ИИМ Бангладеш жарандары боюнча билдирүү таратты


Ички иштер министрлиги Кыргызстандагы тигүү цехтеринин бирине иштегени келип, бирок келишимде көрсөтүлгөн айлыктарын ала албай, укуктары бузулуп жатканына даттанган Бангладештин он чакты жараны боюнча билдирүү таратты.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, бул факты 2022-жылдын 2-мартында ИИМде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

"Бангладеш Республикасынын 14 жараны Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жайгашкан үйдүн короосуна салынган тигүү цехинде иштеп, жашап жаткандыгы аныкталган. Жогорудагы тигүү цехинде “Али и Агзама” жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим аркылуу иштешкен жана Кыргызстандын аймагында иштөөгө уруксат документтери болгон. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө, Бангладештин жарандары келишимдин негизинде иштеп жүргөнүн билдиришкен. Аларга карата эч кандай зордук-зомбулук көрсөтпөгөндүгүн, коркутуп, урбагандыгын, алар өз ыктыярлары менен тигүү цехинде иштешип, жашап, ошол жерден тамак жасап жешкендигин, өз убагында иштеген жумушу боюнча айлык маяналарын алып жүрүшкөндүгүн билдиришкен", - деп жазылган ИИМдин маалыматында.

ИИМдин маалыматына караганда, Бангладештин жарандары кыйноого кабылып, укуктары бузулуп жатканы тууралуу 2-мартта Бишкектин жараны арыз жазган. Арызда каралган дооматтарды тактоо максатында Бангладештин жарандары, тергөө кызматына алынып келип, денелеринде күч колдонуудан же башка нерседен алган жаракаттары бар же жогун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Котормочунун катышуусунда алардан күбө катарында көрсөтмөлөрү алынган. Учурда дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундулары даяр боло элек. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Буга чейин "Азаттык" укуктары бузулган бенгалдар тууралуу материал жасаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG