Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Журналист Арзыгүл Галымбетова каза болду


Арзуу Галымбетова.
Арзуу Галымбетова.

Баткен облустук телеканалынын чыгаан журналисти Галымбетова Арзуу мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Жакындарынын жана кесиптештеринин айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшкөн. Түнү жүрөгү кармап каза болгону айтылууда.


Арзыгүл Галымбетова Баткендин жетишкендиктерин, чечилбей келаткан маселелерин жазып турган. Кесиптештери өзгөчө анын чек ара маселелерин, аткезчилик, коррупцияга каршы күрөшүү темаларында байма-бай көтөрүп келгенин белгилеп жатышат.

Арзыгүл 38 гана жашта болгон.

Арзыгул Галымбетова 1984-жылы Баткен районунда төрөлгөн. 2009-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин журналистика жана информатика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 2007-жылы "Эхо Манас" телерадиокомпаниясында алып баруучу болуп баштаган. 2007-2008-жылдары "Кыргызстан обондору" радиостанциясында кабарчы жана радио алып баруучу болгон.

2008-2009-жылдары "КТР ОБО" гезитинде кабарчы болуп эмгектенген. 2010-жылдан бери Баткен телеканалында редактор-баяндамачы, ага редактор, улук редактор кызматтарында эмгектенген.

2010-жылдан тартып АКИpress агенттигинин Баткендеги өкүлү болуп эмгектенип келген. Мамлекеттик чек ара кызматынын төш белгиси, президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн, облустук телерадиокомпаниянын жана район, шаар башчыларынын Ардак грамоталарына татыган. Мындан сырткары бир катар сыйлыктардын ээси болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG