Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:10

Орусия Украинанын Львов шаарын ракетадан аткылады


Львов. 26-март, 2022-жыл
Львов. 26-март, 2022-жыл

Орус күчтөрү ишембиде Украинанын батышындагы Львов шаарын ракетадан аткылады. Бул тууралуу шаардын мэри Андрей Садовой билдирди. Маалыматка ылайык, аткылоодон кийин шаарда үч жардыруу болгон. Ракеталар күйүүчү-май сакталган кампаларга тийип, беш адам жаракат алды. Бул аткылоо Украинадагы согуш башталганы Львовго жасалган ири чабуул болуп калды. Анын кесепетинен шаардагы бир катар имараттар, анын ичинде мектептерге зыян келген. Турак жайлардын бузулганы боюнча маалымат жок.

Согушка чейин Львовдун калкынын саны 700 миңди түзчү. Акыркы бир айда өлкөнүн ар кыл аймактарынын согуштан качкан жүз миңдеген адамдар бул шаарда баш калкалап, Европанын башка өлкөлөрүнө чыкчу транзиттик пунктка айланды.

Львовго ракеталык чабуул Польшанын борбору Варшавада АКШнын президенти Жо Байден Украинаны колдогон билдирүү жасап жаткан учурга туш келди.

Өз сөзүндө Байден соңку согуш дүйнөдөгү демократия үчүн сыноо экенин белгилеп, украин күчтөрүнүн орус армиясына туруштук беришин «эркиндик үчүн улуу салгылаш» деп атаган.

XS
SM
MD
LG