Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-мартта Азиз Аалиевди жаңыдан түзүлгөн Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына үч жылдык мөөнөткө дайындады.
Аалиев 2021-жылдын сентябрынан тартып өкмөт башчынын орун басары болуп иштеп келген жана ал кызматка барганга чейин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген.
Аалиевдин ордуна президент Садыр Жапаров 28-мартта Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындады.
Президенттин басма сөз кызматы Төрөбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилгенин билдирди.
Парламент анын талапкерлигин качан карары азырынча белгисиз.