Ош шаарында Баткен облустук телеканалынын журналисти, Akipress агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова эскерилди. Ушундай эле иш-чара Баткен шаарында өттү.
Эскерүүгө журналисттер, маркумдун кесиптештери, активисттер катышууда.
37 жаштагы Арзыгүл Галымбетованын сөөгү 26-мартта Баткен шаарында жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшкөн. Ошол күнү эсине келбей каза болгон.
Журналист Бишкектеги гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. Алгач «Манас жаңырыгы» телеканалында, кийин "КТР-Обо" гезитинде иштеген. Соңку жылдары Баткендин облустук телеканалында жана "Турмуш" сайтында (Akipress) эмгектенип келген.
Баткен облустук милициясы журналисттин өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолболдуева аттуу жаран кармалганын билдирген. Арзыгүл Галымбетова жергиликтүү милицияга 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” Youtube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып арыз жазган.
Facebook шеринеси