Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

COVID-19: эки бейтап каза болду, оору 14 адамдан аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда коронавирус болгондордун жалпы саны 30-мартка карата 200 923 адамды түздү. Оорудан 2988 бейтап көз жумду.

Ушул тушта ооруканаларда жаткан 88 адамдын 11инин абалы өтө оор, дагы 30дай бейтап оор абалда. Үйлөрүндө 60тай адам дарыланууда.

Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) 29-мартта Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине коронавирусту жана кургак учукту ыкчам аныктай турган атайын жабдыктарды тапшырган.

Агенттиктин маалыматына караганда, GeneXpert диагностикалык системасы 40 мүнөт ичинде коронавирус инфекциясын так изилдөөгө мүмкүндүк берет. Мурдагыдай 4-5 саат күтүү зарылчылыгы жок.

Мындан тышкары, GeneXpert менен кургак учукту аныктоо үчүн тест жүргүзсө да болот.

Тапшырылган жабдыктардын жалпы баасы болжол менен алты миллион сомду түздү. Жардам USAIDдин “Саламаттыкты сактоо системасынын туруктуулугун бекемдөө” долбоорунун алкагында көрсөтүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG