Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

ЕРӨБ: 2022-жылы Орусиянын экономикасы 10 пайызга төмөндөйт


Москва Украинага басып киргенден кийин рублдун куну түшүп кеткен эле.
Москва Украинага басып киргенден кийин рублдун куну түшүп кеткен эле.

2022-жылы Орусиянын экономикасы 10 пайызга, Украинаныкы 20 пайызга төмөндөйт.

Бул тууралуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 31-мартта билдирди. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан бул банк Украинадагы согуш товар жана азык-түлүк менен камсыздоо каналдарына чоң сокку ура турганын эскертти.

ЕРӨБ согуш башталганга чейин быйыл Украинанын экономикасы 3,5%, Орусияныкы 3% өсөт деп жоромолдогон.

"Орусияга киргизилген санкциялар жакынкы келечекте алынбайт. Бул 2023-жылы Орусиянын экономикасын стагнацияга кириптер кылат. Анын терс таасири Чыгыш Европадагы, Кавказдагы жана Борбор Азиядагы өлкөлөргө тиет", - деп айтылат банктын билдирүүсүндө.

Прогнозго ылайык, Орусиянын жакын өнөктөшү саналган Беларустун экономикасы быйыл 3 пайызга төмөндөп, 2023-жылы сенектикке дуушар болот.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы белгилегендей, эгер жакынкы айларда Украинада ок атышпоо келишими кабыл алынып, өлкөнү кайра куруу иштери башталса, 2023-жылы украин экономикасы 23 пайызга өсүшү мүмкүн. Эл аралык экономикалык санкциялардан улам Орусиянын экономикасында кийинки жылы өсүш болбойт.

Орусиянын армиясы Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG