Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 31-мартта да валюта сатып алуу боюнча интервенция жүргүздү. Башкы банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, жалпысынан 14,5 миллион доллар сатылып алынды.
Бир күн мурда, 30-мартта Улуттук банк валюта базарындагы 5,4 миллион долларды өзү сатып алган.
2018-жылдан бери Кыргызстанда мындай операция жүргүзүлгөн эмес.
Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен.
Ошондон бери төмөндөп отуруп, бүгүн 31-мартта акча алмаштыруучу жайларда доллар 79 сомго түштү. Улуттук банктын бул күнгө расмий курсу 82,46 сом деп аныкталган. (RK)