Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Орусияда каттоого туруу эрежелери боюнча маалымат берилди


ТИМ имараты.
ТИМ имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда каттоого туруу эрежелери боюнча маалымат берди. Мекеме билдиргендей, 30-мартта Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Миграция боюнча башкы башкармалыгында чет элдиктердин каттоого туруусу боюнча жыйын өтүп, анда миграция мыйзамдарын сактоо керектиги айтылды.

Орусияга иштөө үчүн баргандар 30 күн, ал эми окууга же башка максатта баргандар 90 күн ичинде жашаган жеринде миграциялык жана дактилоскопиялык каттоого туруусу, медициналык текшерүүдөн өтүүсү зарылдыгы эскертилди.

2021-жылдын 29-декабрына чейин баргандарга мындай талап коюлбайт, бирок каалоочулар каттоодон өтө берсе болот.

Жеке маалыматы өзгөргөндөр полиция бөлүмүнө кайрылып, кабарлап коюусу зарыл.

Миграциялык картасын бузуп же жоготуп алгандар үч күн ичинде полицияга кайрылуусу шарт, аларга картасынын дубликаты милдеттүү түрдө берилиши керек.

Жогорудагы талаптарды аткарбагандар депортация болуп же Миграция кызматынын “кара тизмесине” кирери да эскертилди.

2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл.

Буга байланыштуу жыл башында каттоого туруу үчүн кезекке тизилгендер Москва аймагында өтө көп болуп, миңдеп саналып жаткан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине 17-февралда нота жөнөтүп, жаңы миграциялык эрежелер алкагында текшерүүдөн өтүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Кийин мындай өтүнүч канааттандырылган.

Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканы, бул ЕАЭБ ичиндеги макулдашууларга карама-каршы келери тууралуу маселе 16-февралда Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элдин жана товарлардын эркин өтүүсү үчүн уюшулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG