Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Түркмөнстан Орусияга жашылча-жемиш экспортун көбөйтөт


Түркмөнстандагы базар. Архивдик сүрөт
Түркмөнстандагы базар. Архивдик сүрөт

Түркмөнстан Украинага басып киргени үчүн санкцияларга кабылган Орусияга жашылча-жемиш экспортун көбөйтөт. Бул тууралуу Түркмөнстандын аймактарындагы жергиликтүү бийликтерге таянып, "Азатлык" радиосу маалымдады. Алсак, Каракум районунда парниктерде өстүрүлгөн жашылчанын көлөмүн көбөйтүү үгүтү жүрүп жатат. 1-апрелдеги жыйында бийлик өкүлдөрү Орусияга айыл-чарба продукциясынын экспортун көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болгонун айтышкан.

Аткаминерлер жогорку сапаттагы продукцияны экспортко чыгарып, начарыраак сапаттагылар өлкөдө каларын айтышууда.

23-мартта «Азатлыктын» Мары облусундагы кабарчысы маалымдагандай, бийлик дыйкандарга Орусияга жашылча-жемиш, шекер, эт жана башка продукциялардын экспортун көбөйтүү планы бар экенин билдирген.

Экономикалык санкциялардан кийин Орусияда азык-түлүктүн бир нече түрү тартыш болуп калды. Мындан улам фитосанитардык нормалар боюнча бир катар чектөөлөр алынууда.

5-мартта «Россельхознадзор» Түркмөнстандан помидор ташууга киргизилген тыюуну алып салган.

Ошол эле маалда Түркмөнстандын ички рыногунда азык-түлүк тартыштыгы байкалып келатат.

XS
SM
MD
LG