Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Депутаттар жеңилдетилген насыя кечигип жатканын сындады


Жогорку Кеңешинин тармактык комитети бүгүн, 4-апрелде жазгы талаа иштеринин жүрүшүн талкуулап, “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун аткарылышы боюнча маалымат укту.

Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев долбоордун алкагында дыйкан-фермерлерге “Айыл Банк”, “РСК Банк” аркылуу 6% жеңилдетилген насыялар берилип жатканын айтты. Ошондой эле эгиндердин үрөндөрү Орусиядан сатылып алынып, “Айыл Банк” аркылуу дыйкандарга 2 жылга 4,5% үстөк (жылдык) менен берилип жатканын кошумчалады.

Талкуу учурунда депутаттар жеңилдетилген насыялар кечиктирилип берилип жатканын, банктарда кезек күтүүлөр арбын экенин сындашты. Алар насыяларды төлөөдө мөөнөтүн 6 айдан 12 айга чейин узартууну сунуштады. Эл өкүлү Максат Сарбагышев ар кандай документтерди, маалымкаттарды чогултуу зарыл болгондуктан, банктар аркылуу үрөн алуу кыйын болуп жатканын белгиледи.

Өкмөт 24-мартта "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 млрд. сом бөлгөн.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине “Айыл Банкка” – 5,5 млрд. сом жана “РСК Банкына” 4,5 млрд. сом бөлүү тапшырылды. Насыянын өлчөмү жылына 6% түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленди.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG