Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Пакистанда Жогорку сот Хандын аракетинин мыйзамдуулугун карайт


Пакистандын премьер-министри Имран Хан
Пакистандын премьер-министри Имран Хан

Пакистандын Жогорку соту премьер-министр Имран Ханды кызматтан кетирүү аракетине тоскоолдук түзүүнүн мыйзамдуулугун кароону улантмакчы.

Өкмөт башчы парламентте көпчүлүктөн ажырагандан кийин оппозиция ага ишеним көрсөтпөө маселесин 3-апрелде колго салмак. Бирок Улуттук ассамблеянын вице-спикери, башкаруудагы партиянын мүчөсү сунушту четке кагып, аны Конституцияга каршы келген кадам, чет өлкөлөрдүн кутуму деп атаган. Ошондон кийин Бириккен оппозиция Жогорку сотко арыз жолдогон.

220 миллион калктуу Пакистандагы саясий тиреш бейстабилдүүлүккө алып келди.

Хан АКШны Орусия жана Кытай менен жакын болгону үчүн өч алууну көздөйт деп айыптоодо. Вашингтон бул дооматты четке кагууда.

Оппозициянын айтымында, премьер экономикада жана тышкы саясатта чоң каталарды кетирген. Аналитиктер болсо Хан Пакистанда колдоосу абдан маанилүү болгон кубаттуу аскердик жетекчилик менен араздаша кеткенин белгилешет.

Премьер армиянын колдоосуна таянганын танууда, ал эми куралдуу күчтөр эч качан саясий жараяндарга аралашпаганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG