Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Кыргызстандагы беш университетке өзгөчө макам берилет


Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек, 14-февраль, 2022-жыл
Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек, 14-февраль, 2022-жыл

Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкектеги жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушууда айтканын басма сөз кызматы маалымдады.

Беш жыл ичинде Кыргызстандын ЖОЖдору Европа жана Борбор Азия университеттеринин ичинен алдыңкы орундарды ээлеши кажет. Министрликтин басма сөз кызматы белгилегендей бул үчүн беш жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилет.

"Аларга өндүрүштүк жана экономикалык эркиндиктер берилет. Жогорку окуу жайлары абитуриенттерди кабыл алуунун стандарттарын жана жол-жоболорун өз алдынча бекитүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Андан сырткары филиалдарды ачууну жөнөкөйлөштүрүү жана башкаруу системасын өз алдынча өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик Кыргызстандагы ар бир университет билим берүү менен гана чектелбеши керек деп эсептейт. Ал үчүн илим изилдөө иштери, ишкерлик, өндүрүш жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу зарыл.

Бир жыл мурда Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2023-жылдар аралыгында жогорку окуу жайлардагы билим берүүнүн "Университет 4.0" аттуу программасын иштеп чыккан.

Программанын максаты – түрдүү изилдөөлөр жана чыгармачыл долбоорлор менен экосистеманы түзүү. Мезгил талаптарына жооп берген билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү башкаруунун рационалдуу системасын иштеп чыгуу максаты да коюлган.

Кыргызстанда 50 жогорку окуу жайы бар. Алардын 31и мамлекеттик, 19у жеке менчик. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG