Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Тентишев жасалма диплом тууралуу маалыматты четке какты


Эркин Тентишев
Эркин Тентишев

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары Эркин Тентишев Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан жасалма дипломунун айынан четтетилгенин билдирди.

"Азаттык" Тентишев менен байланышканда бул маалыматты четке какты. "Ал менин Советтер Союзу убагында алган дипломум. Мен күндүзгү бөлүмдө окугам, кантип жасалма болот? Биринчиден, ден соолукка байланыштуу, экинчиден, башка ишке өткөнүмө байланыштуу кызматтан кеттим".

Тентишевде Эл аралык университет менен Дипломатиялык академиянын дагы дипломдору бар экени маалым болгон. Ал өзү бул документтерге байланыштуу комментарий берген жок.

Президент Жапаров Тентишевди 4-апрелде кызматтан алып, өзүнө коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 183 мамлекеттик кызматкердин диплому жасалма экени аныкталганын 5-апрелде билдирген. Жогорку билими тууралуу документи жасалма деп шек саналгандардын катарына министр, президенттин облустагы өкүлү, эки мэр баштаган адамдар кошулган.

УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик мекеме-органдарда иштеген кызматкерлердин дипломдорун жапырт текшерүүнү январдын аягында баштаган жана бул өнөктүк үч айга созуларын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG