Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

АКШ Орусияга санкциялардын жаңы пакетин киргизди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кошмо Штаттар Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу кабыл алынган жазалоочу чаралардын жаңы пакетинин алкагында орус президенти Владимир Путиндин эки чоң кызына финансылык санкция салды. Бул тууралуу 6-апрелде Ак үй билдирди. Вашингтон администрациясынын жогорку өкүлүнүн айтымында, «кара тизмеге» орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жубайы менен кызы, өкмөт башчы Михаил Мишустин, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев да кирди.

Ошондой эле санкцияга Орусиянын эң ири финансылык институту - Сбербанк жана менчик Альфа-банк кабылды.

Мындан тышкары АКШ Орусияга жаңы инвестиция салууга уруксат бербейт.

Орусиянын санкция салынган мамлекеттик ишканаларынын жана конкреттүү кишилердин тизмеси кийинчирек жарыяланмакчы.

Путиндин кыздары жана мурдагы жубайы Людмила узак жылдан бери коомчулуктун назарына илинбейт. Медициналык билими бар экени айтылган 37 жаштагы Воронцова саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция салган компаниянын кожоюндарынын бири. Орус басылмалары ал Нидерланд жаранына турмушка чыкканын жазышкан. Бирок алар чогуу жашайбы, жокпу белгисиз.

35 жаштагы Тихонова 2010-жылы көпчүлүккө акробатикалык рок-н-ролл менен алектенген бийчи жана спортчу катары таанылган. Ал кийинчерээк Москва мамлекеттик университетинде илимий изилдөө борборун курууну көздөгөн, орус өкмөтү колдогон "Иннопрактика" фондун жетектеп калган. Тихонова Путиндин эски досу деп айтылып жүргөн банкир Николай Шамаловдун уулу Кирилл Шамаловго турмушка чыгып, 2018-жылы ажырашып кеткен. Путин үй-бүлөсү тууралуу маалыматты ачык айтуудан карманып келет.

Маалыматка караганда, Евробиримдиктин санкциялары тууралуу чечим 7-апрелде белгилүү болмокчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG