Кыргызгидромет борбору 8-апрелде жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Түштүк-батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30,
Талас дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26,
Нарын жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндуз 3...8°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 14…16, күндүз 24…26°.