Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Саның көп, салмагың канча, кыргыз партиясы?


Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы жарандар. 2020-жылдын 5-октябры.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы жарандар. 2020-жылдын 5-октябры.

Кыргызстандагы саясий партиялар эмне үчүн көбөйүүдө, аларды эмне бириктирет, программа-идеологияларбы же “түндүк-түштүк” факторубу? Партиялар шайлоодо мыйзам бузбай калыштыбы, добуш сатып алуу качан токтойт, бийликчил партиялар парламентке келдиби? Дегеле өлкөдө көп партиялуулукту калыптандырууга багытталган саясат, аракеттер барбы? Ушул жана башка суроолор күн тартибинде турат.

Дүйнөдөгү эң көп партиялуу Кыргызстан

Кыргызстанда саясий партиялардын жаралыш тарыхы 1992-жылдан башталат. Алгачкы саясий уюмдар катары “Эркин Кыргызстан”, “Асаба”, “Ата-Мекен” партияларын атай алабыз. Андан бери далай суу акты, саясий партиялардын катары калыңдап, саны жылдан-жылга күргүштөп көбөйүп жатканын байкайбыз.

Адилет министрлигинин маалыматтарына таянсак, 2010-жылы 115 саясий партия каттоодон өтсө, 2013-жылы алардын саны 188ге жетти. Бир жыл айланбай 2014-жылы партиялардын саны 200гө чыкты. Эки кыш өтүп, 2016-жылы 224кө барды.

2021-жылы 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында каттоодон өткөн партиялардын саны 290ду багынтты. Башкача айтканда, беш жыл ичинде жаңы 60тан ашык партиялар көз жарды. Мындай мактана турган, таң кала турган феномен дүйнөнүн бир дагы мамлекетинде жок.

Эмне үчүн Кыргызстанда саясий партиялар көп? Эмне үчүн күргүштөп көбөйүүдө? Анын бир нече себептери, жооптору бар. Биринчи себеби, Кыргызстанда саясий партия түзүүнүн мыйзамдык талабы эң эле жөнөкөй. Мисалы, 1999-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамдын” 5-беренесине ылайык, саясий партия 10 адамдын демилгеси менен уюштурулат, алар партиянын уюштуруу курултайын (съездин) чакыра алат. 6-берене боюнча 18 жашка толгон Кыргызстандын жараны каалаган партияга мүчө болууга укуктуу.

Эми башка өлкөлөрдө канча партия бар саресеп салып көрөлү. Америкада бийликке келчү саясий күчтөр негизинен Республикачылар жана Демократтиялык эки партияга биригишет. Жалпысынан АКШда 40тан ашык улуттук партиялар бар. Ал эми Германияда 31 партия, Жапонияда 32, Норвегияда 27, Чехияда 92, Францияда 45, Казакстанда 6 партия каттоодон өткөн (3 партия парламентте), Орусияда 32 партия бар, Түркияда 33, Өзбекстанда 6 партия жашап жатат.

Партиялардын биригүү жана ажырашуулары

Көп серепчилер акыркы 10-15 жылдан бери Кыргызстанда саясий партиялар сандан сапаттык деңгээлге өсүп жетилиши керек деп, “көзү ачыктык” кылышат. Улам кийинки парламенттик шайлоонун алдында ошондой биригүүлөрдү күтүшөт. Анан чындап эле партиялар “баш кошуп” башташат. Бирок, алардын сапаттык жаңы деңгээлге чыкканы байкалбайт.

Жакынкы тарыхка кайрылып көрөлү. Партияларды, алардын лидерлерин кандай факторлор бириктирет, кандай максатта баш кошкулары келишет? Биздин баамыбызда, биринчиден, бизнес чөйрөсүндөгү бай адамдар менен элге таанылган белгилүү саясатчылар көп биригишет.

Экинчиден, партия лидерлеринин түндүк-түштүк аймагына таандуулугу менен баш кошушат. Анткени, партиялар аймактар ортосунда тең салмактуу добуш алууга кызыкдар. Айталы, 2015-жылы “Эмгек” партиясы (Аскар Салымбеков) менен “Бүтүн Кыргызстан” (Адахан Мадумаров), 2015-жылы “Республика” (Өмүрбек Бабанов) менен “Ата-Журт” (Камчыбек Ташиев), “Бүтүн Кыргызстан” менен “Ак Шумкар” (Темир Сариев) партиялары бириккендери белгилүү.

“Мен жетектеген “Ак Шумкар” партиясы Адахан Мадумаров түптөгөн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын туусу алдында парламенттик шайлоого бирге аттанууну чечтик. Эң башкысы, биздин принциптерибиз, алдыга койгон максаттарыбыз дал келди”,-деп жазган убагында Т.Сариев Facebook баракчасына. Бирок, Сариев мырза кайсы принциптер, кайсы максаттар экендигин ачыктаган эмес.

Үчүнчүдөн, партиялар коомдо аздыр-көптүр таанымал болуп калган, чет өлкөлөрдө окуп келген жигердүү жаштарды өз катарына кошуп алуу менен биригишип, шайлоого аттанышары белгилүү. Мисалы, “Бир Бол” саясий партиясы катарын көбүрөөк жаштар түзгөн “Демократ” партиясын кошуп алганы эсибизде. 2021-жылы 28-ноябрда парламенттик шайлоодо мурда “Бир бол”, “Демократ”, Реформа”, “Ата-Мекен” жана башка партияларда жүргөн аздыр-көптүр жигердүү жаштар “Альянс” партиясына баш кошуп, күрөшкө чыгышты, Жогорку Кеңешке депутаттары келишти. Биригүүнүн мындай формасы аздыр-көптүр өз натыйжасын бергенин байкайбыз.

Мындай биригүү канчага созулат, принцип, максаттары бириктерген “түбөлүк кол кармашкан” партиялар барбы? Азырынча жок. Жогоруда кеп кылган бирикти делген “Бүтүн Кыргызстан”, “Эмгек”, “Ак-Шумкар”, “Республика”, “Ата-Журт” партиялары шайлоого жетпей, жеткендери парламентте 2-3 жыл өтпөй бири-бирине “талак” беришкен. Мунун баары партиялардын саясий баалуулуктар, же максаттар менен эмес, лидерлердин (Ө. Бабанов, К. Ташиев) жеке амбициялары менен гана кошулуп, жетекчилеринин жеке таарынычтары менен ашырашып жатканын айтып турат.

Жаңы Жогорку Кеңеш: ким, кантип келди?

2021-жылдын 28-ноябрында болгон Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 21 саясий партия укук алып, жарышка катышты. Аларды коомдогу орду, таасири, таанымалдуулугу боюнча эки топто бөлсөк болот.

Биринчиси, мурда саясий күрөштөргө катышып, элге таанылып калган: “Бүтүн Кыргызстан”, "Ата Мекен", "Улуттар Биримдиги", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ыйман Нуру", "Азаттык", "Социал-демократтар", "Кыргызстандын жашылдар партиясы" болду.

Экинчи топтогулар, "Ишеним", "Ынтымак","Эл Үмүтү", "Аруузат", "Ордо", "Багыт", “Улуу Журт”, “Мекенчил эл”, “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия”, "Легалайз", "Күчтүү регион", "Жашасын Кыргызстан", "Альянс" партиялары шайлоого биринчи жолу ат салышып, күрөштө күч сынашты.

Натыйжада "Ыйман Нуру", "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс" партиялары биринчи жолу Жогорку Кеңешке келишти. Аларды парламентке эмне алып келди: биригүүбү, программаларынын таасириби, административдик ресурстар пайдаланылдыбы, добуштарды сатып алыштыбы, деген толгон суроолор жаралат. Талдоого аракет кылып көрөлү.

Добуш сатып алуу токтодубу?

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо 54 депутат саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланышты.

Бул жолку шайлоодо да күн тартибиндеги чоң маселе – административдик ресурстарды болтурбоо жана добуш сатып алууга каршы күрөшүү болду. Президент Садыр Жапаров дагы “бул жолу дүйнөнү таң калтырган таза шайлоо өткөрүшүбүз керек” деп коомго чакырык таштап, бийлик кийлигишсе катуу чара көрүлөрүн да катуу эскертти.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин демилгеси менен Бишкекте, Ошто “Таза, адилеттүү шайлоо, Кыргызстандын ар намысы үчүн платформа” аталышында иш чаралар өтүп, парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү, бир мандаттуу округдардын талапкерлери жана мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда меморандумга кол коюлду. Анда добуш сатып албоо, административдик ресурсту колдонбоо келишимине келишкен болчу.

Тилекке каршы, “үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” партиялар, жеке талапкерлер тарабынан добуш сатып алуу фактылары көп катталды. Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ОБСЕ) эл аралык миссиясы БШКга болжолдуу 142 арыз, анын ичинде добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу боюнча даттануулар келип түшкөнүн, ошондой эле үгүт иштеринин эрежелерин бузуулар боюнча өз убагында 51 эскертүү берип, айып пул салган, деп корутундусуна жазган.

Президент Садыр Жапаровдун катуу эскерткенине карабай шайлоого кийлигишкени үчүн Лейлек районунун акими, Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматтан алынды, дагы көптөгөн атка минерлерге эскертүү берилгенине карабай мыйзам бузуулар көп болду.

Капчыктуу партиялар парламентте

Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан партиялардын каржылык мүмкүнчүлүгү жөнүндө талкуулар көп болду. Бийликчил деп эсептелген партиялардын тегерегинде сөз көп айтылды. Мисалы, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мурда лидери болгон “Ата-Журт” партиясынын каржысы баарынан көп болгон. "Түндүк" тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык, “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын шайлоо фондуна (2021-жылы 17-ноябрга карата) 33 млн. 600 миң сом түшкөн. Андан кийинки орундарда бийликчил деп эсептелген партиялар: “Ишеним” партиясынын фондуна 27 млн. 300 миң сом, "Ынтымак" партиясынын фондуна 18 млн. 300 миң сом түшкөн. Мындай мүмкүнчүлүккө бийликтин колдоосу менен жетүүдө деген пикирлер арбын болду. “Ынтымак” менен “Ишенимдин” шайлоо босогосунан өтүп, парламентке келишине капчыктын калыңдыгы чоң түрткү бергени көп айтылды.

Мыйзам боюнча партиянын шайлоо фондундагы каражат 300 миллион сомдон ашпашы керек. Мыйзам ченемдерине ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддору акча каражаттарынын эсеби: талапкердин өз каражаттарынан, саясий партиянын өз каражаттарынан, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн түзүлүшү мүмкүн. Бирок, бийликчил деп эсептелген партиялардан (“Ынтымак”, “Ишеним”, “Ата-Журт-Кыргызстан”) түшкөн каражаттардын ээлери, булактары, тазалыгы көп күмөндөрдү жаратты.

Фракциядан депутатты кантип чыгарышат?

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Азаттык" радиосуна курган маегинде саясий партиялар өз талапкерлерин башкаруу үчүн жаңы ыкма ойлоп тапканы тууралуу айтып берген. Анын маалыматына таянсак, партиялар фракциянын позициясына макул эмес болгон депутаттардын пайда болуусун алдын алат. Депутаттыкка талапкер фракциядан кетүү тууралуу арызын шайлоо болгонго чейин эле жазып берет. Эгер ал парламентке өткөндөн кийин партиянын пикирине каршы чыга турган болсо, анда аны чыгарып салышат.

"Мисалы, мен депутат болдум дейли, бирок бир нерсени туура эмес айтып алсам же эртең менен партия лидеринин маанайын сурабай калып таарынтып алсам, ал мени каалаган күнү кетире алат",- дейт Бекешев.

Депутаттын түшүндүрмөсү боюнча, арыздар сейфте сакталып, аларга каалаган убакта күнүн коё алышат, өз кезегинде бул - депутатты ыңгайлуу учурда кууп салууга мүмкүндүк берет.

Парламенттин акыркы чакырылышында депутаттарды фракциялардан чыгарган учурлар болгон. 2015-жылы КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаевди сөз эркиндигин коргоо маршына чыккандан кийин эле чыгарышкан. Марш ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан ЖМКларга каршы бир катар доо арыздар берилгенден кийин өткөн.

Ошондой эле "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан да үч депутат куулган — Тазабек Икрамов, Камчыбек Жолдошбаев жана Алмаз Жутанов. Мындай чечимге "интрига" жана "туура эмес маалымат таратуу" себеп болгон. Фракциядан чыгаруудагы бул көрүнүштөрдү партия лидеринин “диктатурасы” жана депутаттардын укуктары тебеленип, мыйзамсыз жоруктар уланууда,-деп так кесе айтсак болот.

Бийликтин кулашынын негизги себеби – таза эмес шайлоо

Кыргызстандын мурдагы президенттери “мамлекеттик бийлик шайлоого бийлик кийлигишпейт, таза өтөт” деп убада беришчү. Иш жүзүндө андай болбоду. Тескерисинче, мамлекет башчылары партияларды “саясий маданиятты” көтөрүүгө үндөп келишти. Президент Сооронбай Жээнбеков 2021-жылы “өлкөдөгү саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруу жоопкерчилиги, биринчи кезекте, партиялардын өзүндө” деп айтканы эч эстен кетпейт.

Тилекке каршы, 2021-жылдын 4-октябында болгон парламенттик шайлоого чоң нааразычылыктар чыкты. Бийликтин шайлоого кийлигишүүсү, бурмалоосу ачык айтылды. Оппозициялык партиялар ага президент С. Жээнбековду күнөөлөштү. Мамлекет башчысы тарабынан чара, жооп болгон жок. Бийлик бул жолу да көрмөксөн болду. Чыдамы түгөнгөндө Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында, жер-жерлерде толкуган миңдеген эл шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтышып, жокко чыгарууну талап кылышты. Өзгөчө “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” саясий партиялары бийликтин жардамы, добуш сатып алуу менен келгени баса белгиленди. Нааразы элдин масштабы чоңоюп баратканда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таанууга аргасыз болду. Натыйжада президент С. Жээнбековдун бийлиги кулап, С. Жапаровдун башкаруусу орноду.

Кыргызстанда көп партиялуу система калыптанабы, өнүгөбү? Өнүгүшү үчүн эмне кылуу керек? Эми жогоруда сереп салган саясий процесстерди жыйынтыктасак, төмөндөгүдөй сунуштарды айтар элек.

- Коомдо саясий партия түшүнүгү, анын табияты, максаты, келечеги, демократиялык системаны калыптандыруудагы ролу, орду тууралуу маалыматтык компаниялар болушу керек, болбосо саясий партиянын маңызын бурмалаган (дискредитация), бузган тенденциялар байкалууда. Элдин партияларга болгон ишеними азаюуда. Демократиянын негизги көрсөткүчү – көп партиялуулук экендигин кыргыз коому терең билиши керек.

- “Кыргыз Республикасынын саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзамды олуттуу өзгөртүүлөргө муктаж, партияларды түзүү, уюштуруу шарттары, жоопкерчиликтери күчөтүлүүгө тийиш. Өзгөрүүлөр кирген мыйзамга ылайык, мүмкүн партияларды кайрадан мамлекеттик каттоого алуу керек. Мындай кадам партияларды сандан сапатка өтүшүнө таасирин тийгизип, иретке салынат деген пикирдебиз;

- Партиялардын каржылык абалы, анын келген булактары ачык көрсөтүлүшү керек, сарпталышы таза болушу шарт, бул дагы мыйзам менен бекемделиши, корголушу керек. Саясий партияларды түзүүдө же бөлүүдө мамлекеттик бийликтин кийлигишүүсүнө биротоло бөгөт коюучу мыйзамдык механизмдери иштелип чыгышы керек;

- Көп партиялуу системалары калыптанып калган өлкөлөрдүн тажрыйбаларын үйрөнүү, ал боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү колго алуу Кыргызстандагы саясий партиялар үчүн мезгилдин, доордун талабы болууга тийиш.

Бакыт Орунбеков, саясий илимдеринин кандидаты

P.S. Автордун пикирин жалпы редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG