Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Таласта курула турчу "Атлах" мемориалдык комплексинин долбоору тандалды


"Атлах" мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексин долбоору
"Атлах" мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексин долбоору

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Талас облусундагы "Атлах" мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексин куруу үчүн долбоорду тандады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Сегиз долбоордун ичинен сынактык комиссиянын чечими менен, АСМАТ студиясы жеңүүчү болуп табылган. Долбоорду архитекторлор М. Абдылдаев, К.Турдакунов жана К.Бекбосун ишке ашырмай болду. Жеңүүчүлөргө министрлик тарабынан жүз миң сом ыйгарылат.

2021-жылы 27-майда Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылында "Атлах" салгылашуусуна арналган монумент KOICA уюмунун каржылык колдоосу менен ачылган.

Сөз болуп жаткан уруш 751-жылы Талас дарыясына жакын Атлах шаарынын жанында өткөн. Ал дүйнөлүк 10 чоң салгылашуулардын бирине кирет. Анда Кытайдын Тан династиясы менен Араб халифатынын аскерлери ортосунда кырчылдашкан кармаш өткөн. Жыйынтыгында Тан династиясы жеңилип, Араб халифаты жеңген.

Борбор Азияда ислам дининин жайылышына дал ушул салгылашуунун орду чоң экени айтылып келет. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG