Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Балык чарбалардын өкүлдөрү ишкердик жүргүзүүдөгү кыйынчылыктар тууралуу айтты


Акылбек Жапаров жана "Тянь-Шань" балык чарбасынын башчысы Илгиз Сарылдык уулу.
Акылбек Жапаров жана "Тянь-Шань" балык чарбасынын башчысы Илгиз Сарылдык уулу.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата жана Панфилов райондорунда жайгашкан балык чарбаларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров инкубациялык цехти, форелдин чабактарын өстүрүүчү бассейндерди жана балык питомнигин көрүп чыккан.

Ишкерлер бизнес жүргүзүүдөгү кыйынчылыктар жана аларды чечүү сунуштары тууралуу айтып берген.

Акылбек Жапаров жергиликтүү балык түрлөрүнүн санын жана осетрдин икраларын өндүрүүнү калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуунун маанисин белгилеген.

"Аква сервис" компаниясынын өкүлдөрүнүн суу чарба жүргүзүү борборун түзүү боюнча долбоорун колдой турганын айтты. Анда Токтогул суу сактагычынын бассейнинде балык чарбасын жүргүзүү жана осетр балыктарды өстүрүү боюнча окуулар өткөрүлөт.

Январь айынын башында Токмок шаарынын тегерегиндеги көлмөлөрдө форел балыгы жапырт кырылганы маалым болгон. Балык чарба департаменти билдиргендей, 10-январда жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөр балыктар бир клеткалуу митеден өлгөнүн аныктаган.

Кыргызстанда кийинки жылдары форел өстүрүү өнүгүп барат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG