Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:23

YouTube Мамлекеттик Думанын каналын жапты


Роскомнадзор YouTube видеохостингинен Орусиянын Мамлекеттик Думасынын жыйындарын көрсөткөн Дума телеканалын калыбына келтирүүнү талап кылды.

YouTube санкциялык эрежелерге таянып, каналды жаап салган. Буга чейин АКШ Мамлекеттик Думага мекеме катары санкция киргизген. YouTube Google корпорациясына таандык.

Каналга 145 000 жазылуучу катталган жана жалпысынан 100 миллиондон ашуун видео көрүлгөн.

Мамлекеттик Думанын башчысы Вячеслав Володин бөгөт коюуну Вашингтон жарандардын укуктары менен эркиндиктерин бузганынын дагы бир далили деп атады.

"АКШ маалыматты жайылтууда монополияга ээ болууну каалайт. Биз буга жол бере албайбыз", - деп жазды ал Telegram баракчасына.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Telegram каналына "Сыягы, YouTube өз өкүмүнө кол койду окшойт" деп жазып, колдонуучуларды орус платформаларына контентти өткөрүүгө үндөдү.

Москва Украинада согуш баштагандан кийин Орусияда Facebook жана Instagram социалдык тармактарына кирүүгө тыюу салынып, алардын ээси - Мета корпорациясы экстремисттик уюм деп табылган. Ошондой эле Twitter'ге кирүү бөгөттөлгөн.

Орус бийлиги Кремлди колдогон орус медиа аккаунттарына бөгөт койгону үчүн YouTube хостингине Орусиянын аймагында тыюу салынарын айтып келген, бирок жапкан эмес.

Буга Орусияда он миллиондогон колдонуучулар кирген видеохостингге альтернативанын жоктугу себеп экени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG