Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

Хоккей федерациясынын жетекчисин шайлоого нааразылык чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы айрым хоккейчилер 11-апрелде өткөн Хоккей федерациясынын жетекчилигин шайлоодо эреже сакталган жок деп нааразы болууда. Алар хоккей тармагындагы адистер иш-чарага толук чакырылган жок деп эсептешет. «Нарын шумкарлары» хоккей командасынын жетекчиси Нурбек Ташболот уулу шайлоо тууралуу федерациядан эмес, элден угуп келгенин айтты.

«Федерациянын жетекчилигине талапкер катары мени да каттап коюшуптур. Бирок мага айтылган эмес. Билсем даярданат элем. 11-апрелде өткөн иш-чарада мен шайлоону бир айга жылдырып берүүнү өтүндүм. Бирок менин сунушума федерациянын мүчөлөрү макул болгон жок. Ошондуктан иш-чаранын аягына чейин катышпай, залдан чыгып кеттим», - деди Ташболот уулу.

11-апрелде Кыргызстан хоккей федерациясынын президенти шайланган. Ага катышкан федерациянын 29 мүчөсү бир добуштан Анвар Оморкановдун талапкерлигин жактырган. Мекеменин вице-президенти Элзар Болотбеков «Азаттыкка» билдиргендей, Нурбек Ташболот уулу ошол күнү талапкерлигин алып койгон.

Федерациянын жетекчилиги тараптан комментарий боло элек.

Хоккей федерациянын президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат. Анвар Оморканов ушуну менен үчүнчү жолу тандалды. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG