Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

Оппозиция бийликти Кумтөр боюнча келишимден баш тартууга чакырды


Бишкекте "Кумтөр: коррупциялык жана экологиялык коркунучтар" деп аталган темада жыйын өтүүдө. 13-апрель, 2022-жыл.
Бишкекте "Кумтөр: коррупциялык жана экологиялык коркунучтар" деп аталган темада жыйын өтүүдө. 13-апрель, 2022-жыл.

Бишкекте өтүп жаткан оппозициянын жыйынында "Бириккен демократиялык кыймыл" Кумтөр кени боюнча "Центерра Голд" менен келишимден баш тартууга мүмкүн экенин айтып, Кумтөрдү улутташтыруу жөнүндө атайын кайрылуу даярдады. Алар Кыргызстандын Кумтөр боюнча келишими менен өлкө "Центерра Голд" акцияларынан кол жууп, экологиялык чыгымдарды өзүнө алганын утулуш деп эсептейт.

Бишкекте "Кумтөр: коррупциялык жана экологиялык коркунучтар" деп аталган темада жыйын өтүп жатат. Аны "Бириккен демократиялык кыймыл" уюштурган. Жыйында Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иштер, кыргыз өкмөтүнүн иштетип жатканы жөнүндө маалыматтар талкууланууда.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелде кайрылуу жасап, “Центерра Голд” компаниясы менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Мамлекет башчы мындан ары "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин айткан. Келишимдин шарттары оптималдуу болгонун жана улуттук кызыкчылыкка төп келгенин билдирген. Бул үчүн Кыргызстан "Центерра Голд" компаниясындагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартат.

Кумтөр алтын кени боюнча юридикалык маселелердин бардыгы апрель-май айларында жөнгө салынып, кыргыз алтынын дүйнөгө сатууга жол ачылат деген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттык" радиосуна курган маегинде. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG