Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Финляндия жана Швеция НАТОго кирүү аракеттерин баштайт


Швеция жана Финляндиянын өкмөт башчылары. 5-март, 2022-жыл. (Архивдик сүрөт)
Швеция жана Финляндиянын өкмөт башчылары. 5-март, 2022-жыл. (Архивдик сүрөт)

Финляндиянын премьер-министри Хелсинки «жакынкы жумаларда» НАТОго кошулуу багытында кадам ташташы мүмкүн экенин билдирди. Санна Марин жараян «жакынкы арада» башталарын 13-апрелде Стокгольмдогу басма сөз жыйында билдирди.

Швециянын өкмөт башчысы Магдалена Андерссон Орусиянын Украинага басып киришинен кийин анын өлкөсүндө да ири саясий өзгөрүү күтүлүп жатканын, азыркы коопсуздук кырдаал талкууланарын белгиледи. Буга чейин Швеция дагы аскердик блокко кирүүнү караштырып жатканы кабарланган.

Сөз болгон мамлекеттердин НАТОго кошулуусу менен Европадагы коопсуздук картасы олуттуу өзгөрмөкчү. Бул ошондой эле Орусиянын баскынчылыгы европалыктарды канчалык бушайман кылганынан кабар берет.

Финляндия жана Швеция альянс менен кызматташып, айрым учурларда биргелешкен машыгууларга катышып жүргөнү менен, экөө тең аскердик блокторго кошулбай, нейтралдуулугун сактап келген.

Швециялык Svenska Dagbladet гезити жазгандай, расмий Стокгольм НАТОго мүчөлүк арызын альянстын июндагы саммитинде тапшырышы мүмкүн деп жазды. Премьер бул маалыматты комментарийлеген жок.

Орусия менен 1 миң 340 чакырым чек араны бөлүшкөн Финляндиянын мыйзам чыгаруучулары апта соңунда НАТОго кошулуу маселесин атайын баяндама жарык көргөндөн кийин талкууламакчы. Москва Украинага кол сала электе эле блокко мүчөлүктү колдогондор көбөйгөнү айтылып келген.

Жаңы өлкөнү кабыл алууга НАТОнун 30 мүчөсү макул болууга тийиш, андан кийинки жараян бир нече айдан бир жылга чейин созулушу мүмкүн.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Финляндия альянска кошула турган болсо, Москва “кырдаалды тең салмактоо” үчүн чара көрөрүн эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG